# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 586
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20150/edition/979276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (31.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157233

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-октябры № 586 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары - Нью-Иорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Эл аралык аудитордук практика боюнча комитети тарабынан чыгарылуучу Аудиттин эл аралык стандарттары;

2) Кыргыз Республикасында кесипкөй бухгалтерлердин жана аудиторлордун этика кодекси катары - Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын бухгалтерлери үчүн Эл аралык этика стандарттары боюнча комитет тарабынан чыгарылуучу Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодекси.

Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу мамилелерде Бахрейндин Манама шаарындагы Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюм тарабынан иштелип чыгуучу ислам финансы институттарына аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
