КР Өкмөтүнүн «Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-октябры № 583 Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сотко чейинки өндүрүш боюнча ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдар 2019-жылга республикалык бюджетти аткаруу процессинде жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине процесстик чыгымдардын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон кошумча чыгымдардын эсебин берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылга республикалык бюджетти аткаруу процессинде жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө сотко чейинки өндүрүш боюнча ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдарга процесстик чыгымдардын ордун толтуруу боюнча чыгашаларды жабуу үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктту кошпогондо, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон