Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 мая 2023 года № 292 "Об утверждении правил регулирования цен на лекарственные средства в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-октябры № 579 Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91, 2022-жылдын 20-майындагы № 268, 2023-жылдын 13-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык) Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруунун 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын аткаруу боюнча 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруунун алкагында, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтом күчүнө киргенден кийин, 2023-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирустук инфекцияны (COVID-19) дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын тизмегине киргизилген, катталган дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91, 2022-жылдын 20-майындагы № 268, 2023-жылдын 13-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Дары каражаттарына бааларды каттоо үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн кармоочулары 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмүнө Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирустук инфекцияны (COVID-19) дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын тизмегине киргизилген, катталган дары каражаттарына бааларды каттоо тууралуу арызды ушул токтомдун 2-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринде аныкталган тартипте берүүсү керек деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- фармацевтик иштин субъекттеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда белгиленген тартипте Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине киргизилген дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринин расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2023-жылдын 31-мартына чейин колдонулуучу 7-главасы кирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91, 2023-жылдын 13-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31- майы № 292 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2023 · № 292
- Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун УБАК- ТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октяб- рындагы N 579 токтомуна)Правила · 29.10.2019 · № 579
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды…Постановление · 28.07.2021 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 268 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасында дары…Постановление · 20.05.2022 · № 268
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы N 579 "Кыргыз Республикасында дары…Постановление · 13.01.2023 · № 8
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 676 (2022-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралууга тийиш болгон…Распоряжение · 20.12.2021 · № 676 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31- майы № 292 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2023 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.