# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 577 "2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 577 "2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 577
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20144/edition/979068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 577 "2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (29.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157221

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-октябры № 577 2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Макулдашууну ишке ашыруу менен байланыппсан чыгымдар республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде ишке ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
