# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 573 "Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Контрафакттык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 573 "Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Контрафакттык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 573
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20139/edition/978918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 573 "Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Контрафакттык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (24.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157212

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-октябры № 573 Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Контрафакттык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Расмий тилде тиркелген: Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Контрафакттык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу болуп белгиленсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы N 94 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
