# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 558
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20126/edition/978421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157196

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-октябры № 558 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерин натыйжалуу текшерүүлөрдү жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлеринде:

## 11-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-глава. Ветеринардык коопсуздук жаатындагы ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлери

38. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:

- ишкердик субъекттеринин ишинин белгилүү түрүн жүзөгө ашыруунун натыйжасында биологиялык, химиялык, физикалык коркунучтар пайда болуу мүмкүндүгү;

- мүмкүн болгон терс таасирлердин масштабы;

- ишкердик субъектинин Кыргыз Республикасынын ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу жана ишкердик субъектинин иштеген мезгилинде инциденттердин болушу/саны;

- ишкердик субъекти тарабынан өндүрүштүк контролдоо системасын киргизүү.

39. Ишкердик субъектинин тобокелдик даражасы ушул главанын 1-пунктунда саналган критерийлердин негизинде аныкталат жана төмөнкү формула боюнча чыгарылат:

СР = БСР + ИД + РППЛ, мында:

СР - тобокелдик даражасы; БСР - ишкердик субъектинин иш-аракетинин түрүн жана масштабын эсепке алуу менен аныкталган базалык тобокелдик даражасы; ИД - ишкердик субъектилери тарабынан ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө продукцияны жүгүртүү стадиясында, ошондой эле пландан тышкары текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын саны көрсөтүлгөн ишкердик субъектилеринин ишинин таржымалы; РППЛ - текшерүү баракчаларын колдонуунун натыйжасы.

40. Базалык тобокелдик даражасын (БТД) аныктоо үчүн баллдын саны ишкердик субъектинин ишинин (тармагынын) түрүн жана ишинин масштабын айкалыштыруунун натыйжасы болуп саналат. Ишкердик субъекти тарабынан өндүрүштүк контролдоонун сертификацияланган системасын киргизген учурда баллдын саны тийиштүү түрдө азаят.

№

Тармак/иштин түрү

Көлөм/өндүрүштүн масштабы

Базалык тобокелдик даражасын аныктоо үчүн баллдын саны

Өндүрүштүк контролдоонун сертификацияланган системасы болгон учурда базалык тобокелдик даражасын аныктоо үчүн баллдын саны

1

Айыл чарба жаныбарларын кармоо

10 башка чейин

16

11

11ден 50 башка чейин

28

25

51ден жана андан жогору баш

40

30

2

Суткасына чийки сүт өндүрүү (фермердик чарба, менчик үй)

50 л чейин

16

11

51ден 100 л чейин

28

25

100 л жогору

40

30

3

Чийки сүттү кабыл алуу жана сактоо

Сезон мезгилинде суткасына 10 тоннага чейин (сезондон тышкары 5 тоннага чейин)

28

20

Сезон мезгилинде 10 тоннадан жогору (башка убактарда 5 тоннадан ашык)

35

25

4

Үйлөрдөн чийки сүт чогултуу жана сүт жыйноочу жайга же кайра иштетүүчү ишканаларга ташуу, чийки сүттү фермадан кайра иштетүүчү ишканага чейин ташуу

1 каттамда 1 тоннага чейин

28

20

1 каттамда 1 тоннадан ашык

35

25

5

Чийки сүттү чогултулган пункттан кайра иштетүүчү жайга чейин ташуу

Сезон мезгилинде 10 тоннага чейин (сезондон тышкары 5 тоннага чейин)

16

10

Сезон мезгилинде 10 тоннадан ашык (сезондон тышкары 5 тоннадан ашык)

28

20

6

Айыл чарба жаныбарларын союу

Жумасына 10го чейин шарттуу(\*) баш (орточо бир жылда)

25

16

Жумасына 10дон 49га чейин шарттуу

38

28

баш(\*) (орточо бир жылда)

Жумасына 50 жана андан ашык шарттуу баш(\*) (орточо бир жылда)

45

35

7

Эт жана союлган малдын азыктарын алгачкы иштетүү

Суткасына 1000 кг чейин

30

10

Суткасына 1000 кг жогору

40

20

8

Тирүү жаныбарларды ташуу

1 транспорт каражаты пайдаланылат

20

20

1ден көп транспорт каражаты пайдаланылат

30

20

9

Эт жана эт азыктарын ташуу

30

20

10

Этти сатуу

30

20

11

Тирүү жаныбарларды (мал) сатуу боюнча базарлар

50гө чейинки шарттуу(\*) баш

20

20

50дөн 1000ге чейинки шарттуу(\*) баш

35

20

1001ден жогору шарттуу(\*) баш

45

20

12

Эт жана эт азыктарын кампага сактоо кызматы

35

20

13

Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүү

30

20

14

Ветеринардык дары каражаттарын сатуу

20

20

15

Тоют (дандык жемден башкасы) жана тоют кошулмаларын сатуу

20

20

16

Дандык тоюттарды сактоо, сатуу

30

20

17

Канаттууларды кармоо

50 башка чейин

25

20

51дөн 100 башка чейин

35

20

101 баштан жогору

45

20

18

Канаттууларды союу

100 башка чейин

30

20

101 баштан жогору

40

30

19

Канаттуулардын этин кайра иштетүү

30

20

20

Балык өстүрүү

15

20

21

Балык азыктарын кайра иштетүү

35

20

22

Балыктарды ташуу

20

20

23

Ветеринардык-санитардык экспертизалоо лабораториялары

30

20

24

Дарылоо-алдын алуу иштери. Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр

20

20

25

Зоопарктагы, цирктеги жаныбарларды кармоо

10 башка чейин

10

20

11 баштан жогору

20

20

26

Аарыларды кармоо, көбөйтүү жана ташуу

50 бал челекке чейин

20

10

51 бал челектен жогору

30

20

27

Балчылыктан алынган азыктарды чогултуу, сатуу, балды (аарычылык азыктарын) калыптарга салуу

Суткасына 100 кг чейин

20

10

Суткасына 101 кг жогору

30

20

28

Жаныбарлардан алынган тамак-аштык эмес чийки заттарды даярдоо

40

25

29

Жаныбарлардан алынган тамак-аштык эмес чийки заттарды дарылоо

Суткасына 1000 кг чейин

25

15

Суткасына 1001 кг жогору

35

25

30

Коомдук тамак-аш пункттарында жаныбарлардан алынган чийки заттарды ташуу, сактоо

20

10

31

Канаттуулардын жумурткаларын ташуу жана сактоо

20

10

Эскертүү: бир шарттуу башка кабыл алынды: 1 бодо мал; 5 майда жандык; 1 жылкы.

41. Ишкердик субъектинин иш-аракетинин таржымалын көрсөткөн баллдын саны анын иш-аракетине белгилүү бир мезгилге пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөндө табылган Кыргыз Республикасынын ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптары ишкердик субъекти тарабынан аткарылбаган учурлардын санына жараша болот:

Субъектинин таржымалы

Балл

Акыркы 12 айда табылбаган учурда

30

Акыркы 3 жылда табылбаган учурда

14

Акыркы 6 жылда табылбаган учурда

8

Акыркы 10 жылда табылбаган учурда

0 (балл эсептелбейт)

42. Текшерүү баракчасын колдонуу менен пландык текшерүүнүн жүрүшүндө табылган Кыргыз Республикасынын ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын баалоочу баллдын саны:

Текшерүү баракчасындагы жалпы талаптардын санына карата табылган бузуулардын саны % менен

Жыйынтыктоочу баллды чыгаруу үчүн ыйгарылуучу текшерүүнүн натыйжасы боюнча баллдын саны

10%га чейин

8

10%дан 20%га чейин

16

20%дан 30%га чейин

28

30%дан 40%га чейин

40

40%дан жогору

50

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
