Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 „Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 октября 2024 года № 620 "Об утверждении Положения об особенностях порядка предоставления военнослужащим, сотрудникам правоохранительных органов и членам их семей служебных жилых помещений и пользования ими и Типового положения о жилищных (бытовых) комиссиях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-октябры № 553 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 20 календардык жыл жана андан көп кызмат өтөгөн, ошондой эле оң негиздер боюнча кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"башка маанилүү жагдайлар - бул аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүк органдарына шайлоого жана сот кызматына шайлоого же дайындоого байланыштуу аларды бошотуу негиздери;";
- 2-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Ээлеген ведомстволук турак жай бөлмөсү төмөнкү адамдарга менчикке акысыз берилет:" деген сөздөр алып салынсын; 1-3-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Ээлеген мамлекеттик турак жай курагы, ден соолугу боюнча запаска же отставкага чыккан, штатты кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча бошотулган жана 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерине жана адамдарга менчикке акысыз берилет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Ээлеген кызматтык турак жайды менчикке өткөрүп берүү аларды төмөнкү категориядагы адамдарга түз сатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт:
1) кызмат өтөгөн мезгилде алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, жаракат, контузия алуунун) же ооруга чалдыгуунун кесепетинен майып болгон жана ушундан улам кызматтан бошотулган I жана II топтогу майыптыгы бар аскер кызматчыларына/кызматкерлерине (иштеген жылдарына карабастан);
2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгонуна байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен чыгарууда аскер кызматчыларына/кызматкерлерине (эгерде аскер кызматчысы же кызматкер менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү же мураскорлору болсо), кызмат өтөгөн жылдарына карабай;
3) I жана II топтогу майыптыгы бар балдарды тарбиялаган аскер кызматчыларына/кызматкерлерге;
4) мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунан кызматтык турак жайды менчикке алуунун башка негиздери жок, кызматтык турак жайда жыйырма жылдан кем эмес жашаган, жашы жете элек беш жана андан көп балдарды тарбиялаган аскер кызматчынын/кызматкердин үй-бүлөсүнө;
5) жыйырма жылдан кем эмес кызматтык турак жайда жашаган, кызмат өтөгөн мезгилде каза болгон аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө;
6) аскердик кызматтан бошотулган, жыйырма жылдан кем эмес кызматтык турак жайда жашаган, 10 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерге;
7) аскер кызматчылардын/кызматкерлердин калган категорияларына, эгерде алар 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөсө жана ушул Жобонун 14-пунктунун шарттарына кабылбаса.";
- 16-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кадр органдары (пенсия органдары, аскер комиссариаты) тарабынан берилген жана аскер кызматчынын жеке делосунда көрсөтүлгөн маалыматтарга негизделген календардык кызмат өтөө жылы, үй-бүлөсүнүн курамы жана бошотуунун негиздери жөнүндө маалыматты камтыган объективдүү-маалым кат;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 25-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө…Постановление · 15.10.2024 · № 620
- Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды…Положение · 22.05.2018 · № 247 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө…Постановление · 15.10.2024 · № 620
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын…Постановление · 22.05.2018 · № 247 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон