# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 552
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20123/edition/978071/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому" токтому (17.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-октябры № 552 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Жарандардын топтолгон пенсиялык каражаттарын инвестициялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибинде:

- 12-пунктунун:

биринчи абзацындагы "берүү" деген сөз "өзү берет же почта аркылуу жиберет" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- камсыздандырылган адам - Жөнөтүүчү фонддун турган жери боюнча;";

- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Камсыздандырылган адамдын топтолгон пенсиясын которуу жөнүндө арызы канааттандырылгандан кийин Жөнөтүүчү фонд топтолгон пенсиялык каражаттардын которулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 91 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
