# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 561
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20121/edition/978067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-октябры № 561 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- берилген ыйгарым укуктардын чегинде бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана иштерди кароого;";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза салууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жободо:

- 5-пунктунда:

он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; жыйырма биринчи абзацындагы "даректик маалыматтарды" деген сөздөр "каттоолук эсепке алуу жөнүндө маалымкаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинин жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын: "- Департаменттин компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана иштерди карайт.";

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза салууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт;".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
