# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20115/edition/977689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (11.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157180

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 14-октябры № 540 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын программалык камсыздоону өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктундагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2019 жана 2020-жылдары "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгууда система 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп бериле турганына жана "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына интеграцияланышына байланыштуу өзүнүн аракеттерин милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
