# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 529
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20111/edition/1138307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157175

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 8-октябры № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга жана 2019-жылдын 7-августундагы "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмеге ылайык келип түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине, 71-беренесинин 19-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
