# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 519
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20108/edition/976687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому (15.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157170

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 4-октябры № 519 Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
