# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 507 "2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 507 "2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 507
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20103/edition/975365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 507 "2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" токтому (30.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157165

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-сентябры № 507 2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн 2018-жылдагы орточо эмгек акынын 2017-жылдагы орточо эмгек акыга карата өсүшүн эске алуу менен 2019-жылдын 1-октябрынан тартып 105 пайызга же 100 (жүз) сомго индексацияласын;

- пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
