# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 "Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 "Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 545
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20094/edition/975005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 "Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө" токтому (15.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157154

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-октябры № 545 Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнө, ошондой эле "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө убактылуу жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом 2022-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
