# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 488
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20082/edition/1070039/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө" токтому (18.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157141

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-сентябры № 488 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 17 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-февралындагы № 9-т токтомун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын № 221 контурунда жайгашкан 0,80 га кайрак айдоо жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына ичүүчү суу резервуар куруу үчүн которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
