# КР 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 487
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20081/edition/974757/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому (18.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157140

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-сентябры № 487 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Жеке турак жай куруу үчүн Баткен облусунун Баткен районунун тургундарын жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12 беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-февралындагы № 124 токтомун, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 56 токтомун, Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 127-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы № 384, № 791, № 793, № 794, № 795, № 800, № 801, № 802, № 430, № 431, № 432, № 434, № 811 контурларда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 60 га жайыт жерлер жеке турак жай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.

2. Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багытта пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
