Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-сентябры № 487 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Жеке турак жай куруу үчүн Баткен облусунун Баткен районунун тургундарын жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12 беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-февралындагы № 124 токтомун, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 56 токтомун, Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 127-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы № 384, № 791, № 793, № 794, № 795, № 800, № 801, № 802, № 430, № 431, № 432, № 434, № 811 контурларда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 60 га жайыт жерлер жеке турак жай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багытта пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Ак-Татыр айыл кеӊешинин 2019-жылдын 25-февралындагы №124 "Жер участокторун которуштуруу (трансфармациалоо) жонундо"токтомуПостановление · 25.02.2019 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон