# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 486
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20080/edition/974723/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө" токтому (18.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157139

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-сентябры № 486 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагынын жашоочуларын жеке менчик тур жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 85 токтомун, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 45 токтомун, Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 118-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагындагы № 1487, № 1752, № 1800, № 1817, № 1824, № 1826, № 1828, № 1829, № 1832, № 1833, № 1834, № 1835, № 1858, № 1859, № 1861, № 1862, № 1864, № 2472, № 2476, № 2478 контурларда жайгашкан 287,5 га жайыт жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.

2. Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте жер участокторуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, Кулан участогундагы 7,6 га жана жанындагы жерлерге жер пайдалануу, курулуш, чарбалык жана башка жумуштардын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө, археологиялык эстеликтердин коргоо аймагынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын аймагын пайдаланууга тыюу салуу иштерин уюштурууну камсыздоо сунушталсын.

3. Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
