Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-сентябры № 486 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагынын жашоочуларын жеке менчик тур жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 85 токтомун, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 45 токтомун, Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 118-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагындагы № 1487, № 1752, № 1800, № 1817, № 1824, № 1826, № 1828, № 1829, № 1832, № 1833, № 1834, № 1835, № 1858, № 1859, № 1861, № 1862, № 1864, № 2472, № 2476, № 2478 контурларда жайгашкан 287,5 га жайыт жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.
2. Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте жер участокторуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, Кулан участогундагы 7,6 га жана жанындагы жерлерге жер пайдалануу, курулуш, чарбалык жана башка жумуштардын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө, археологиялык эстеликтердин коргоо аймагынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын аймагын пайдаланууга тыюу салуу иштерин уюштурууну камсыздоо сунушталсын.
3. Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыштут айылдык кенешинин 2018-жыл 23-апрелиндеги № 45 "Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2018 · № 45
- Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелндеги № 85 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди башка категорияга которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2018 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон