# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20076/edition/974715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (07.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157135

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 7-октябры № 523 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өндүрүлгөн товарлардын экспортко багытталышы үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жобонун 33-пунктунун экинчи абзацындагы "0" деген цифра "30" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
