# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 472 "2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 472 "2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 472
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20070/edition/974621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 472 "2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (13.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157127

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-сентябры № 472 2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги афган тарабына Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-сентябрында N 81 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
