КР Өкмөтүнүн «2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-сентябры № 472 2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги афган тарабына Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-сентябрында N 81 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.