# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 463 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 463 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20068/edition/1178651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 463 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157123

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 9-сентябры № 463 Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн сунушталуучу калктуу конуштар жөнүндө маалымат топтоо боюнча форма, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-сентябрындагы N 78 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн сунушталып жаткан калктуу конуштар жөнүндө маалымат топтоо боюнча ФОРМА Облустун аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Райондун аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Айыл аймагынын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Айылдын (участоктун) аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№

Көрсөткүчтөр

Маалыматтар

1

Калктын саны

2

Кожолуктун саны

3

Башка улуттун өкүлдөрүнүн саны

4

Райондун борборунан алыстыгы (км)

5

Кайсы мамлекеттер менен чектешет (мамлекеттин аталышы)

6

Мамлекеттик чек арага чейинки аралык (км)

7

Социалдык жөлөк пул алган адамдардын саны

8

Айыл аймагынын дотациялык абалы. Республикалык бюджеттин теңдөөчү грантынын көлөмү (сом)

9

Социалдык инфратүзүмүнүн абалы (бала бакча, ФАП, мектеп жана башкалар)

10

Экономикалык инфратүзүмүнүн болушу (ишканалар жана финансы-кредиттик мекемелер жана башкалар)

11

Сервистик инфратүзүмүнүн болушу (почта кызматы, маалымат күркөлөрү, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты тейлөө борборлору)

12

Транспорттук инфратүзүмдөрүнүн болушу (ички жана тышкы жолдор жана жолдордун абалы, транспорт каттамдары жана башкалар)

13

Айыл чарба багытындагы жерлер, категория боюнча (га)

14

Соода базарларына, анын ичинде коңшу мамлекеттердин соода базарларына чейинки (жакындыгы) аралык (км)

15

Ички миграциянын деңгээли (%)

16

Салык жыйымдары (бир жылдык көлөм, миң сом)

17

Мобилдик байланыш, телеканал, Интернеттин болушу (тиешелүүсү көрсөтүлөт)

18

Ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгы (%)

19

Өзгөчө кырдаалдар участокторунун болушу (саны менен)

20

Жумушсуздуктун деңгээли (%)

Айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштар (негиздемеси менен)

№

Кыска мөөнөттүү мезгилде чечүүнү талап кылган көйгөйлөр

Сунуштар

1

№

Орто мөөнөттүү мезгилде чечүүнү талап кылган көйгөйлөр

Сунуштар

1

№

Узак мөөнөттүү мезгилде чечүүнү талап кылган көйгөйлөр

Сунуштар

1
