Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 „Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 79 "О вопросах Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-05.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 9-сентябры № 462 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маданият мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун отуз экинчи жана отуз үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында туризм чөйрөсүндө иштеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан ченемдик укуктук актыларды сактоо маселелери боюнча маалыматтык, методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- туристтик объекттердин абалына, аларды туура пайдаланууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө мониторинг жүргүзөт;".
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-сентябрындагы N 78 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 токтому менен бекитилген)Постановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 токтому менен бекитилген)Постановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 79 "О вопросах Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"Постановление · 05.03.2021 · № 79 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон