Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жака сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна)
Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жака сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Ушул Жобонун талаптары өлчөө каражаттарына же эксплуатациялык документтерге, ошондой эле керектүү учурда өлчөө каражаттарынын кошумча түзүлүштөрүнө оттиск түшүрүү үчүн пайдаланылуучу ишеним эн тамгаларына карата колдонулат. Ушул Жободо метрология боюнча улуттук органдын жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүү жүргүзүүгө белгиленген тартипте укук берилген юридикалык жактын ишеним эн тамгаларын иштеп чыгуунун, баяндоонун тартиби, түшүрүү жана өчүрүү ыкмалары белгиленген. Жалпы жоболор
1. Ишеним эн тамгалары - өлчөө каражаттарына, техникалык документтерге же кошумча түзүлүштөргө төмөнкүдөй максаттарда оттиск түшүрүү үчүн арналган техникалык түзүлүштөр:
1) өлчөө каражаттары белгиленген техникалык талаптарга ылайык метрологиялык мүнөздөмөлөргө ээ экендигин күбөлөндүрүү;
2) зарыл болгондо, өлчөө каражаттарын жөнгө салуучу түзүлүштөрүнө ээ болууга мүмкүндүк бербөө;
3) колдонууга жараксыз өлчөө каражаттарына мөөр басуу;
4) колдонуудагы оттискти жокко чыгаруу (жокко чыгаруучу эн тамга).
2. Ишеним эн тамгасынын жана өчүрүүчү эн тамгасынын формасы жана сүрөтү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
3. Эн тамгалардын түрлөрү: болот, каучук жана плашка.
4. Ишеним эн тамгаларынын оттискин түшүрүү жолдору: уруу менен, пломбага басуу менен, боек же атайын мастика менен түшүрүү, деколь түрүндо чаптоо, ж.б. ыкмалар.
5. Оттискке коюлуучу талаптар: сүрөттүн тактыгы, тигил же бул өлчөө каражаттарынын эксплуатацияланган шарттарына карата бүткүл текшерүү аралыгында сакталышы.
6. Ишеним эн тамгалары төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) Кыргыз Республикасынын кыскартылган аббревиатурасы (КР);
2) метрологиялык кызмат органынын шарттуу шифры;
3) ишеним эн тамгасы колдонулган жылдын акыркы эки цифрасы;
4) мамтекшерүүчүнүн жекече белгиси;
5) кварталдык эн тамгалар үчүн - квартал.
7. Шарттуу шифр орус алфавитинин негизги шрифтинин эки тамгасы менен көрсөтүлөт (НА, НБ, НВ ж.б.) жана метрологиялык кызмат органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
8. Мамтекшерүүчүнүн өзүнө таандык белгиси орус же латын алфавитинин тамгалары (Е, Й, 3, О, Ч, Ъ, жана Ь башка) менен көрсөтүлөт.
9. Ишеним эн тамгаларында жылдын кварталы араб цифралары (1, 2, 3, 4) менен, кварталдык плашкалар үчүн - рим цифралары (I, II, III, IV) менен көрсөтүлөт.
10. Ишеним эн тамганын же калибровкалоо белгисинин колдонулушу токтотулганын көрсөтүүчү жокко чыгаруучу эн тамгалар жана белгилер крест сыяктуу формадагы сүрөттү жана жылдын акыркы эки цифрасын камтыйт.
11. Ишеним эн тамгаларын колдонуу ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
12. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык борборлордун сунуштарынын негизинде өлчөө түрлөрү боюнча тизмени, конструктордук иш кагаздарды, ишеним эн тамгаларынын сүрөттөрүн (өчүргүч - эн тамгалары) метрология боюнча улуттук орган иштеп чыгат жана бекитет.
13. Өлчөө каражаттарынын бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлчөө каражаттарын текшерүүгө укук берилген юридикалык жактарга ишеним эн тамгаларынын сүрөттөрүн жана шарттуу белгилерин алардын арыздарынын негизинде метрология боюнча улуттук орган берет жана каттайт.
14. Ишеним эн тамгаларын кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу, өлчөө каражаттарынын бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлчөө каражаттарын текшерүүгө укук берилген юридикалык жактарга берүү жана эсептен чыгаруу ошол уюмдун жооптуу адамына жүктөлөт.
15. Ишеним эн тамгаларынан төмөнкүдөй оттиск алынат:
1) болоттордон - алюминий пластинкага бирден оттиск;
2) плашкалардан - алар арналган пломбаларга бирден оттиск;
3) каучуктардан - калын кагазга ар бир белгиден бирден оттиск.
16. Оттисктер 5 жылга сакталышы керек.
17. Метрология боюнча улуттук органдын же өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлчөө каражаттарын текшерүүгө укук берилген юридикалык жактардын буйругу менен ар бир текшерүүчүгө текшерүүчүнүн жеке белгиси бар жекече ишеним эн тамгасы бекитилип берилет.
Метрология боюнча улуттук орган тарабынан ишеним эн тамгаларын берүү текшерүүчүнүн белгиленген тартипте берилген күбөлүгүнүн көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт.
18. Мындай белгилерди башка жактарга берүүгө тыюу салынат.
19. Ишеним эн тамганын сакталышына жана ишке жарактыгына, ошондой өлчөө каражаттарына же эксплуатациялык документтерге түшүрүлүүчү оттисктердин тактыгына текшерүүчү жоопкерчиликтүү болот.
20. Ишеним эн тамгаларын бир жыл бою колдонуудан кийин (кийинки жылдын биринчи кварталында) же өлчөө каражаттарынын бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлчөө каражаттарын текшерүүгө укук берилген юридикалык жактын текшерүү укугунун мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле ишеним эн тамга эскиргенде жана бузулганда эркин формада түзүлгөн акты боюнча ишеним эн тамга эсептен чыгарылат жана өчүрүлөт.
Begin_nocompare
Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
Ишеним эн тамганын жана өчүргүч - эн тамганын ФОРМАСЫ ЖАНА СҮРӨТҮ
Ишеним эн тамгалары:
өчүргүч - эн тамгалары:
КР-Кыргыз Республикасы. НБ, НИ, НГ ...- метрологиялык кызмат органынын шарттуу шифри.
А.Б,В... - эн тамганын жекече белгиси
1,2, 3, 4 жылдын кварталы
19... эн тамганын иштөө жылы
19-ишеним эн тамганын аракети токтотулган жыл
Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Ишеним эн тамгаларын колдонуу ТАРТИБИ
Эн тамганын аталышы
Эн тамганын изи түшүрүлүүнү өлчөө каражаттары
Массаны өлчөө үчүн ченемдер жана приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Илгич рычагдуу таразалар: платформалык, жалпы колдонулуучу көчмө, стационардык жана автомобилдик көчмө, вагонеткалык, чаптама, вагондук, элеватордук, бункердик, безмендер, почталык автоматташтырылган үзгүлтүксүз жана дискреттик иштөөчүлөр, таразанын автоматтык дозаторлору, үстөлгө коюлуучу, гир менен үзгүлтүксүз жана дискреттик иштөөчүлөр, таразанын автоматтык дозаторлору, үстөлгө коюлуучу гирялуу таразалар
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
Жогоруда аталган таразалардагы бекитүүчү тыгындар, кошумча шкалалар, негизги жана кошумча гирялар. 5-класстагы, массасы 200дөн 5 г чейинки гирялар, 500дөн 100 г чейинки шарттуу гирялар
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
Циферблаттуу таянычтуу таразалар: платформалык, жалпы колдонулуучу көчмө, почталык, автомобилдик стационардык, вагонеткалык, үстөлгө коюлуучу, вагондук, таразанын дозаторлору, монорельстүү асма
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
М2 жана МЗ класстардагы, массасы 10дон 500 г чейинки гирялар, 5тен 1 кг чейинки илме гирялар, үстөлгө коюлуучу гирялуу таразалардын жүк койгучтары, контролдоочу тараза платформалардын бекитүүчү тыгындарына гирялар
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
Орто класстагы лабораториялык таразалар, май сыноочу, чай үчүн таразанын жүк койгуч түзүлүштөрү, тегеренме торсиондук таразалар, М1 класстагы 10дон 200 мг чейин массадагы гирялар. 3-класстагы жана III разряддагы, IV разряддагы гиряларды бекемдөөчү тыгындар, квадранттар, жумушчу пуркалар. М1 класстагы 10дон 100 мг чейинки гирялар
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
IV разряддагы параллелепипед формасындагы 20 кг гирялар. Жебеси тегеренип көрсөтүүчү таразалар (аттестаттарга)
Суюктуктун жана газдын сарпталышын өлчөөчү приборлор. Сыйымдуулук өлчөмү
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Турмуш-тиричилик газын эсептегич
Бир жылдык, тегерек, каучуктан: диаметри 8 мм
Сыйымдуулуктун техникалык айнек өлчөмдөрү. Өлчөгүчтүү айнек кружкалар, айнек чен өлчөгүчтөр
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
Ротациялык жана Барабан газ эсептегичтер. Металл өлчөгүчтөр, а.и. суюктукту ченөөчү түзүлүштөргө киргендер жана техникалык эсептегичтер, көлөмдүн басымын жөнгө салуучу белгилер, арак, пиво, керосин өлчөгүчтөр; май таркатуучу колонкапар, суу эсептегичтер, отун таркатуучу колонкалар, өнөр жайлык суюктуктардын эсептегичтери, а.и. механикалаштырылган агрегаттагылар
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Газ эсептегичтерди текшерүүчү түзүлүштөр, сыйымдуулукту металл өлчөгүчтөр, суу эсептегичти текшерүүчү түзүлүштөр. Металл чен өлчөмдөр: а.и. суюктукту (техникалык) эсептегичтерди текшерүү үчүн, шкалалык платинага белги коюучу үлгү түзүлүштөргө киргендер; пиво үчүн атайын техникалык өлчөгүчтөр, өнөр жай суюктуктарынын эсептегичтери, мунай продуктулары үчүн цистерналардын дозаторлору
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Механикалаштырылган май куюучу агрегаттардын цистерналары
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Пиво гана үчүн атайын техникалык өлчөмдөр (паспортуна гана); дифманометрлер - чыгым өлчөгүчтөр, деңгээл өлчөгүчтөр
Ылдамдыкты, тездетүүнү жана күчтү өлчөө үчүн приборлор
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Спидометрлер, айланууну эсептегичтер, бардык арналыштагы пружиналуу жумушчу динамометрлер
Катуулукту өлчөө үчүн приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
II баскычтагы Бринелль боюнча катуулукту өлчөгүч
Физикалык-химиялык өлчөөлөр үчүн приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм, 6 мм
Фото-электрдик люксметрлер
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Көчмө газ анализаторлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
Көчмө газ анализаторлор
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Көчмө газ анализаторлор
Убакытты өлчөө үчүн приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Электр секундомерлер
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Электр секундомерлер
Басымды өлчөө үчүн приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
0,16 и 0,25, класстагы пружиналуу манометрлер жана вакуумметрлер, пружиналуу жумушчу манометрлер, өтө жогорку басымдын вакуумметрлери
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
0,4 класстагы пружиналуу манометрлер жана вакуумметрлер; пломба коюлуучу жерлерге жумушчу манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
I, II жана III разряддардагы жүк-поршендүү манометрлер
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 8 мм
Тягомерлер, микроманометрлер, дифманометрлер
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Манометрлер, вакуумметрлер, мановакуумметрлер (пломба коюлбоочу жерлерге), чыгуучу сигналдары бирдей автоматташтырылган манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер, тягомерлер, микроманометрлер, дифманометрлер жана тонометрлер
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
Өндүрүштө чыгарууда коюлуучу пружиналуу манометрлер жана вакуумметрлер
Температураны жана жылуулукту өлчөөчү приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
Манометрдик термометрлер
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
Техникалык термопаралар, каршылыктын платина жана жез термометрлери, көрүнбөй калуучу оптикалык пирометрлер, толук нурдуу пирометрдик телескоптор, көпүрөлөр, лагометрлер, пирометрдик милливольтметрлер
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Потенциометрлер, туруктуу токту өлчөөчү компенсаторлор
Каучуктан, тегерек, жылдык: диаметри 8 мм
Толук нурдуу пирометрлердин телескоптору, манометрдик термометрлер
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Көпүрөлөр, лагометрлер, пирометрдик милливольтметрлер, автоматташтырылган потенциометрлер жана көрүнбөй калуучу оптикалык пирометрлер
Каучуктан, тегерек, жылдык: диаметри 8 мм
Ветеринардык термометрлер, суюктуу айнек термометрлер, медициналык термометрлер
Радио өлчөөчү приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
Калкан беттүү жебелүү жыштык өлчөгүчтөр
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Жебелүү жыштык өлчөгүчтөр, титирөөчү жыштык өлчөгүчтөр, конденсатордук жыштык өлчөгүчтөр, вольтметрлерди текшерүү үчүн түзүлүштөр
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Калкан беттүү жебелүү жыштык өлчөгүчтөр, конденсатордук жыштык өлчөгүчтөр
Электр жана магниттик чоңдуктарды өлчөөчү ченемдер жана приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон жасалган плашка: диаметри 8 мм
Электр энергиясын эсептегичтер, өлчөөчү трансформаторлор, электр каршылыгын өлчөөчү катушкалар, нормалдуу элементтер, туруктуу токтун чыңалышын бөлүүчүлөр
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
Омметрлер, туруктуу токтун сагак каршылыктары, жогорку жыштыкты өлчөөчү трансформаторлор, нормалдуу элементтер, амперметрлер, вольтметрлер, ваттметрлер, варметрлер, туруктуу токту өлчөөчү трансформатордук түзүлүштөр, туруктуу жана өзгөрмө чендердин конденсаторлору, индуктивдүүлүктүн өзөгү, дан жана башка айыл чарбалык продуктулар үчүн электрдик ным өлчөгүчтөр
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Амперметрлер, ваттметрлер, вольтметрлер, варметрлер
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 6 мм
Чен идиштердин магазини, туруктуу жана өзгөрмө чендердин конденсаторлору, индуктивдүүлүктүн катушкасы, фарадметрлер, туруктуу токтун көпүрөлөрү, туруктуу токту өлчөөчү трансформатордук түзүлүштөр, туруктуу токтун сагак каршылыгы, туруктуу токтун каршылык магазиндери, термоэлектрдик компараторлор, туруктуу токтун чыңалышын бөлүүчүлөр, нормалдуу элементтер, омметрлер, амперметрлер, вольтметрлер, ваттметрлер, варметрлер, гальванометрлер, өлчөөчү трансформаторлор, фазометрлер, веберметрлер, туруктуу жана өзгөрмө токтун потенциометрлери, өлчөөчү трансформаторлор үчүн иштөөчү аппараттар, өзгөрмө токтун көпүрөсү, жогорку жыштыкты өлчөөчү трансформаторлор, туруктуу токтун көпүрөлөрү
Сызыктуу көлөмдөрдү өлчөөчү чендер жана приборлор
Бир жылдык, тегерек, болоттон: диаметри 3,5 мм
Өлчөөчү металл сызгычтар, металл метрлер, куюуну эске алуу менен үлгүлөрдү өлчөөчү металл сызгычтар, өлчөөчү металл рулеткалар, метрштоктор, лот менен рулеткалар, өндүрүштөн чыгаруудагы жыгач метрлер, жер ченегич тасмалар
Каучуктан, тегерек, кварталдык: диаметри 18 мм
Сызык чендер үчүн: так орнотулган аткылар, 0,01 мм тартып 0,1 мм чейинки өлчөмдө бөлүнгөн индикатордук стенкомерлер. 0,001 жана 0,002 мм өлчөмдөрдө бөлүнгөн көп айланма индикаторлор, 0,005 мм жана 0,01 мм ченемдерде бөлүнгөн таянычтуу микрометрлер, индикатордук (тереңдик) глубиномерлер, индикатордук (калыңдык) толщиномерлер, глубиномерлер, миниметрлер, 0,01 мм өлчөмдөрдө бөлүнгөн рычаг тиштүү индикаторлор, микрометрдик глубиномерлер, 1000 мм чейин өлчөөчү штангенциркулдар, штангенрейсмустар, штангенглубиномерлер, 01 мм өлчөмдө бөлүнгөн саат тибиндеги индикаторлор, 0,001 жана 0,002 мм бөлүнгөн рычагтиштүү өлчөөчү учтар, 0,001 жана 0,002 мм рычагдуу микрометрлер, 0,01 мм бөлүнгөн индикатордук нутромерлер. Бурч өлчөө үчүн: угломерлер, 90 градус угольниктер, У-УРИ тибиндеги кесүүчү аспаптардын геометриялык параметрлерин өлчөөчү угломерлер, микрометрдик деңгээлдер, синустук сызыктар, техникалык деңгээлдер. Оймо профилдерди өлчөө үчүн: тиштүү дөңгөлөктөрдүн негизги арышы үчүн арыш өлчөгүчтөр, тышкы арышты контролдоо үчүн чекиттүү учтуу арыш өлчөгүчтөр, тангенцтик тиштүү ченегичтер, 763-типтеги ортоңку чекитти ченегичтер, кыстырмалуу микрометрлер, штангензубомерлер, нормалемерлер
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.