# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 479 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 479 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 479
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20061/edition/973414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 479 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" токтому (16.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157112

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-сентябры № 479 Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү сырьелук ресурстар менен камсыздоо, өндүрүшкө дем берүү жана даяр продукцияны экспорттоону көбөйтүү максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкалары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эркин соода зоналары жөнүндө макулдашуулардын мүчө мамлекеттеринин чегинен сыртка ташып чыгарылган товарларга карата колдонулаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасында мыйзамсыз алып өтүүгө (ташып чыгууга) бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк Соода Уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы N 79 жарыяланды

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

Тиркеме

Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын СТАВКАЛАРЫ

№

ТЭИ ТН коду

Продукциянын аталышы

Бажы алымдарынын ставкалары % менен

1

7204

Кара металлдардын калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

2

740400

Жездин (жана латундун) калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 300 АКШ долларынан кем эмес

3

750300

Никель калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

4

760200

Алюминий калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

5

7802000000

Коргошун калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

6

7902000000

Цинк калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

7

800200000 0

Калай калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

8

8101970000

Вольфрам калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

9

8102970000

Молибден калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

10

8103300000

Тантал калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

11

8104200000

Магний калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

12

8105300000

Кобальт калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

13

8106001000

Висмут калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

14

8107300000

Кадмий калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

15

8108300000

Титан калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес

16

8109300000

Цирконий калдыктары жана сыныктары

15%, бирок 1 т үчүн 150 АКШ долларынан кем эмес
