Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Порядок выплаты материального вознаграждения членам Совета по отбору судей Кыргызской Республики, не занимающим должности судей (к постановлению Правительства КР)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 сентября 2022 года N 480 "Об утверждении Порядка выплаты материального вознаграждения членам Совета по делам правосудия Кыргызской Республики от Народного Курултая и юридической общественности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин (мындан ары - Кеңеш), судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин аныктайт.
2. Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан ай сайын төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
1) Кеңештин төрагасына - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө;
2) Кеңештин мүчөлөрүнө - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө.
3. Судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акы ар бир айдын аягында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине Кеңештин төрагасынын (ал жок учурда - орун басарынын) Кеңештин мүчөсү катышпаган Кеңештин жыйындары өткөрүлгөн күндөрдүн саны жөнүндө берилүүчү маалыматынын, ошондой эле жумуш убактысын эсепке алуу табелинин негизинде эсептелет.
Материалдык сый акы киреше салыгын жана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чегерүүлөрдүн суммасын кармоо менен төлөнөт.
4. Материалдык сый акынын суммасын эсептөөдө Кеңештин жыйындарына катышпаган ар бир күн үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген материалдык сый акынын суммасынын 1 пайызына барабар болгон азайтуучу коэффициент колдонулат.
5. Судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө тийиш.
6. Материалдык сый акынын суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан эмгек акы долбоорунун алкагында тейлөөгө келишим түзүлгөн банктагы жеке эсебине которулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Элдик Курултайдан жана юридикалык…Постановление · 01.09.2022 · № 480
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы…Постановление · 27.09.2019 · № 500 · Күчүн жоготкон