# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 500
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20057/edition/1189044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (01.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157107

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-сентябры № 500 Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы шайланган учурдан тартып төлөнөөрү белгиленсин.

3. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тиешелүү жана кийинки жылдардын каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
