КР Өкмөтүнүн «Уставдык капиталындагы акциялардын 50 жана андан көбүрөөк пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор үчүн атайын мөөнөттөр жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 4 марта 2022 года № 108 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-04.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 108 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-сентябры № 473 Уставдык капиталындагы акциялардын 50 жана андан көбүрөөк пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор үчүн атайын мөөнөттөр жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Уставдык капиталындагы акциялардын 50 жана андан көбүрөөк пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор үчүн мамлекеттик сатып алууларга төмөнкүдөй атайын мөөнөттөр:
а) бир этаптуу же эки этаптуу метод менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашырууда конкурстук табыштамаларды берүү эки жумадан кем эмес убакытты түзөт;
б) техникалык өзгөчөлүктөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүдө же конкурстук документтердеги негизги талаптарды өзгөртүүдө конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бир этаптуу же эки этаптуу метод менен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда беш календардык күндөн кем эмес убакытка узартылат;
в) квалификациялоо алдындагы жол-жоболорду жүргүзүүдө табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында квалификациялоо алдында тандоо жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып үч жумадан кем эмес убакытты түзөт;
г) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда:
- потенциалдуу консультанттарды чакырууга кызыкдар экендиги тууралуу катты алуу үчүн сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында тиешелүү маалымат жарыяланган күндөн тартып жети календардык күндөн кем эмес мөөнөттү белгилейт;
- потенциалдуу консультанттар тарабынан сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт чакыруу каты жөнөтүлгөн күндөн тартып эки жумадан кем эмес убакытты түзөт;
2) мамлекеттик сатып алууларды башка методдор менен жүргүзүүдө (жөнөкөйлөтүлгөн, бааны төмөндөтүүгө жана түздөн-түз келишим түзүү) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ченемдер колдонулат;
3) эгерде сатып алуулардын жол-жоболору "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасына ылайык көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен токтотулбаган болсо, жеңип чыккан берүүчү (подрядчы) менен келишимге жүргүзүлгөн тандоо тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жарыяланган күндөн тартып жети календардык күндөн эрте эмес мөөнөттө кол коюлат.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар веб-порталындагы тийиштүү модулду ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-марты № 108 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 04.03.2022 · № 108
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон