# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 470
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157086>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20040/edition/1192083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157086.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтому (18.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157086

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 570 токтомуна ылаык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 12-сентябры № 470 Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомун колдонуу боюнча экономикалык иш менен алектенген субъекттердин арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
