# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 464
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20035/edition/977709/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157080

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 10-сентябры № 464 Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 401 "Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
