# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20017/edition/977693/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157059

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-августу № 440 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун жыйырма төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 12-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту ден таанылсын;

- 29-2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
