# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 441
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20008/edition/1274485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (30.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157048

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-августу № 441 Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор расмий тилиндеги текстине киргизилген.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин бир сеансына акы төлөө ченеми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилүүчү бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттардын негизинде эсептелет жана жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

- мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин бир сеансына акы төлөө ченеми 2020-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- берилген арыздардын жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарды кезектүүлүк тартибинде электрондук каттоону камсыз кылсын;

- көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын камсыз кылсын;

- гемодиализ кызматтарын алуунун кезектигинин сакталышына туруктуу негизде контроль жүргүзсүн;

- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары менен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүүнү камсыз кылсын;

- көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн өз убагында акы төлөөнү камсыз кылсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн жыл сайын, билдирилген керектөөгө жараша Кыргыз Республикасынын Саламаттык министрлигине финансы каражатын карасын жана өз убагында багыттоону камсыз кылсын;

- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын контролдоону камсыз кылсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
