# Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламат- тык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча ПРОТОКОЛ (Женева шаары, 2019-жылдын 20-майы)

- Толук аталышы: Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламат- тык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча ПРОТОКОЛ (Женева шаары, 2019-жылдын 20-майы)
- Актынын түрү: Протокол
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/55-57/edition/969156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламат- тык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча ПРОТОКОЛ (Женева шаары, 2019-жылдын 20-майы) (20.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157044

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 433 токтому менен бекитилди Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча ПРОТОКОЛ Женева шаары, 2019-жылдын 20-майы Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү, Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүү ниетин жетекчиликке алуу менен, Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде, Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Түркия тарап Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасы үчүн дарылоо боюнча квотага кошумча дагы 50 бейтапты - Кыргыз Республикасынын жарандарын акысыз дарылоо боюнча өзүнө милдеттенме алат. Жогоруда аталган бейтаптарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилиги тандайт жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитилет. Бейтаптардын транспорттук чыгымдарын бейтаптардын өздөрү жеке каражаттардын эсебинен төлөйт. 2-берене. Ушул Кошумча протокол акыркы жазуу жүзүндө билдирме алган күндөн тартып күчүнө кирет, алар менен Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Кошумча протокол күчүнө кириши үчүн керектүү өздөрүнүн ички мамлекеттик жол-жоболорун бүтүргөндүгү жөнүндө бири бирин билдирет. Ушул Кошумча протокол Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу менен катары күчүндө болот. Ушул Кошумча протокол Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча кайсы учурда болбосун өзгөртүлүшү мүмкүн. Өзгөртүүлөр ушул берененин биринчи абзацында каралган укуктук жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. Ушул Кошумча протокол Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

2019-жылдын 20-майында Женева шаарында кыргыз, түрк, орус жана англис тилиндеги эки түп нускада кол коюлду, мында тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан

Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Космосбек Чолпонбаев Саламаттык сактоо министри

Фахреддин Коджа Саламаттык сактоо министри
