# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 433 "2019-жылдын 20-майында Женева шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 433 "2019-жылдын 20-майында Женева шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20004/edition/970684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 433 "2019-жылдын 20-майында Женева шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду бекитүү тууралуу" токтому (29.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157043

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-августу № 433 2019-жылдын 20-майында Женева шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 20-майында Женева шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга тиркелген Кошумча протокол бекитилсин (мындан ары - Кошумча протокол).

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогоруда аталган Кошумча протоколдун аткарылышына жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түрк тарапка кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
