# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20001/edition/968610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157039

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-августу № 420 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 70-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
