Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-августу № 432 Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана тоскоолдуксуз эл аралык соода үчүн шарттарды түзүү, "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге карата коюлуучу Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарды жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу орга- низмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Правила · 27.08.2019 · № 432
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы карантинге алынган объекттерди карантиндик фитосанитардык текшерүү тартиби(КыргызРеспубликасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация…Порядок · 23.01.2020 · № 1-дп · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон