# 2019-жылдын 22-августу № 418 "Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2019-жылдын 22-августу № 418 "Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 418
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19994/edition/968232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2019-жылдын 22-августу № 418 "Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157028

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-августу № 418 Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 10-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- өзгөчө жана кризистик кырдаалдар шарттарында гендердик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүү механизмин ишке киргизүүнү камсыз кылышсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
