Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-августу № 417 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо бюджетке кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу максатында, "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары - ЕАЭБ) товарларды импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө ЕАЭБ эл аралык келишимдик базасына ылайык бюджетке кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу.";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы - алтымышынчы абзацтар менен толукталсын:
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо, ЕАЭБде кызматтарды көрсөтүүдө эл аралык келишимдик базага ылайык кыйыр салыктардын бюджетке толук түшүүсүн жана байкоого алынышын камсыз кылат;
- КНС боюнча экспорттук жеткирүүлөрдү ырастоо максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо эл аралык келишимдик базага ылайык контролго жана байкоого алынышын камсыз кылат;
- импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды эсепке алат жана талдайт;
- түшүүлөрдүн резервин табат жана бюджетке импорт боюнча кыйыр салыктардын түшүүсүн көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- өткөрүү пункттарында алымдардын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулган товарларды ташып киргизүү маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуучу администрациялоо жана контролдоо методологиясы.".
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук келип түшүүсүн камсыз кылуу максатында транспорт каражаттарын кароого;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө Жобо" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген)Положение · 16.02.2012 · № 100
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
Шилтеме берет (3)
- 2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө…Закон · 11.12.2015 · № 226
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон