# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 411
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19987/edition/1158197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157021

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-августу № 411 Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №142 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларынын кызматтык маяналары 13300 (он үч миң үч жүз) сом өлчөмүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларынын эмгегине акы төлөөгө зарыл болгон 4304013 (төрт миллион үч жүз төрт миң он үч) сом суммасындагы каражаттарды республикалык бюджеттен жыл сайын карасын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №142 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №142 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөөнүн жылдык фондун эсептөө

№

Чыгымдоо беренесинин аталышы

Эсептик маалыматтар

Сумма (сом)

1

Эмгек акы

23 коомдук кабылдама \* 13300 сом \* 12 ай

3670800,00

2

Соцфондго чегерүү

17,25%

633213

БАРДЫГЫ

4304013,00
