# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 405
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19980/edition/1224753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157014

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 7-августу № 405 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелеринде:

- 1-пунктунун 1-пунктчасы "чарбакер субъекттер" деген сөздөргө чейин "эгерде үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе," деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 17-пунктундагы "тийиштүү чечим чыгарылгандан баштап 10 күндөн кечиктирбей" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
