# КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-апрелиндеги N 165 "Эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-апрелиндеги N 165 "Эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.04.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.1997
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19976/edition/966713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.1997 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-апрелиндеги N 165 "Эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому (29.09.1997 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157010

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1993-жылдын 21-апрели N 165

Эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине жер бөлүп берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы N 568 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы N 568 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын жана кооперативдердин "Красная Заря" ассоциациясына коомдук жерлерден 20 гектар сугат аянтын жеке турак үйлөрдү курууга пайдаланууга уруксат берилсин.

3. Төмөнкүлөр милдеттендирилсин:

а) Бишкек шаардык мамлекеттик акимдиги;

- жер участокторунун үй куруучуларга бөлүштүрүлүшүнө жана турак үйлөрдү жана социалдык-маданий турмуш-тиричилик объекттерин курууну жүзөгө ашырууга катуу контроль жүргүзүүгө;

- турак үйлөрдү курууга пайдаланылбаган участокторду табуу жагынан мурда бөлүнгөн жер массивдерин ийне-жибине чейин тизмеден өткөрүүнү жүргүзүүгө жана жер жана башка мыйзамдарына ылайык аларды максатына жараша ылайык пайдалануу үчүн зарыл чараларды көрүүгө;

- Аламүдүн жана Сокулук райондорунун чарбаларына жерди алып коюу менен келтирилген зыяндын ордун баалоо актыларына ылайык толтуруп берүүгө;

- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1969-жылдын 18-августундагы N 244 токтомунда каралган иштерди аткарууга;

- белгиленген тартипте:

үй курулуп жаткан массивдерди электрлештирүү, курулуш материалдары жана суу менен жабдууну камсыз кылуу жана башка маселелерин чечүүгө;

б) Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлиги, Аламүдүн, Сокулук райондук жана Чүй областтык мамлекеттик акимдиктери дыйкан чарбаларынын "Красная Заря" ассоциациясына жана "Пригородный" совхозуна белгиленген айыл чарба продукциясын мамлекетке сатуунун тиешелүү көлөмдөрүн азайтуу жөнүндө маселени чечүүгө;

в) Кыргыз Республикасынын Мелиорация жана суу чарба министрлиги мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен 1995-жылга чейин талааларда негизги пландаштырууну жүргүзүүнү жана Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын "Красная Заря" ассоциациясынын учурдагы сугат жерлеринин 750 гектар аянтында сугат тармагын кайра түзүүнү камсыз кылууга;

г) (КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы N 568 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Шаардык тазалоо курулуштары менен "Пригородный" совхозундагы турак жайлар курулуп жаткан жерлердин ортосундагы корголуучу зонанын жери колдонулуп жаткан мыйзамдарга так ылайык пайдаланылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Бишкек шаардык жана Чүй областтык мамлекеттик акимдиктерине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Т. Чыңгышев
