# Постановление Правительства КР от 3 июня 2019 года № 274 "Об утверждении Положения о формированиях Гражданской защиты"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 274
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19970/edition/965760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 3 июня 2019 года № 274 "Об утверждении Положения о формированиях Гражданской защиты" (04.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2019-жылдын 3-июну № 274 Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)

Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аныкталган Жарандык коргонуу түзүмдөрү базасында ачылган уюмдардын тизмесин бекитишсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнунда № 52 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
