# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 5 "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 5 "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/15667>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-261/edition/503423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/15667.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 5 "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому (10.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/15667

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-январы № 5

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө

“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 6-бөлүгүнө жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
