# Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августунун №127 "Милдеттуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортулор жана толуктоолор киргизуу тууралу " Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августунун №127 "Милдеттуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортулор жана толуктоолор киргизуу тууралу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1499/edition/284734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августунун №127 "Милдеттуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортулор жана толуктоолор киргизуу тууралу " Мыйзамы (21.08.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1566

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 21-августу № 166

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун

максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече

(индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1566/st-1)

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттары үчүн

Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж. № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбуласындагы "мамлекеттик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө

мыйзамдардын күчү жайылтылган" деген сөздөр "камсыздандырылган" деген

сөзгө алмаштырылсын.

2. 1-статьяда:

биринчи абзац алып салынсын;

онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жекече камсыздандыруу эсеби - камсыздандырылган адам жөнүндө кам-

сыздандыруу органы тарабынан анын эмгектик жана башка ишинин бүткүл

мезгилинде топтолгон жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыз-

дандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн

аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу кам-

сыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган документ. Жекече

камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга берилген идентификаци-

ялык номери болот.".

3. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толуктал-

сын:

"ведомстволор аралык өз ара аракеттин негизинде Кыргыз Республика-

сында жарандарды максималдуу жекече (индивидуалдык) эсепке алуу үчүн

шарттар түзүү.".

4. 6-статьянын экинчи бөлүгүнүн 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда

баяндалсын:

"15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу

акылары чегерилген эмгек акынын же кирешенин суммасы;".

5. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толуктал-

сын:

"Эмгектик мамиледе турбаган жарандарга карата маалыматтар Кыргыз

Республикасынын Социалдык фонду тарабынан белгиленген тартипте башкару-

унун тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан берилиши мүмкүн.";

төртүнчү-алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи-жетинчи бөлүктөр

деп эсептелсин.

6. 9-статьяда:

экинчи бөлүктүн үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редак-

цияда баяндалсын:

"буга чейин эмгек стажы жана социалдык коргоо күбөлүгү болбогон

жаран менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимин

түзүүдө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн

1-9-пункттарында каралган аталган жалдоочуда иштеген адамдын өздүк кам-

сыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар өзгөргөндө.";

үчүнчү бөлүктөгү "орношкон" деген сөз "орношуп жаткан же жаран-

дык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүп жаткан" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

7. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-статья менен толукталсын:

"10-1-статья. Эмгектик мамилелерде турбаган жарандарды жекече

эсепке алуу үчүн мамлекеттик башкаруу органдары

тарабынан берилүүчү маалыматтар

Эмгектик мамилелерде турбаган жарандарды жекече эсепке алуу үчүн

маалыматтар берүү төмөнкүдөй учурларда тийиштүү мамлекеттик башкаруу

органдары тарабынан жүзөгө ашырылат:

туулгандыгы тууралу күбөлүк алганда;

16 жашка толгон адамдар паспорт алганда;

калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында катталган-

да;

социалдык жөлөкпул дайындалганда;

16 жашка чейинки балдар жана эмгектик мамилелерде турбаган жаран-

дар саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда.

Мамлекеттик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондуна жекече эсепке алынууга тийиш болгон адамдар тууралу ушул Мый-

замдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-9, 11-13-пункттарында каралган

маалыматтар ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык берет.".

8. 11-статьяда:

экинчи бөлүктө:

- 3-пункт "күн" деген сөздөн кийин "(ошол жалдоочу тарабынан от-

четтук мезгилдин ичинде ишке кабыл алынган камсыздандырылган адам үчүн)

же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүлгөн күн" деген сөздөр менен

толукталсын;

- 4-пункт "күн" деген сөздөн кийин "(аталган жалдоочу тарабынан

отчеттук мезгилдин ичинде иштен бошотулган камсыздандырылган адам үчүн)

же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим токтотулган күн" деген сөздөр ме-

нен толукталсын;

- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толуктал-

сын:

"7) чегерилген камсыздандыруу акыларынын суммасы;

8) төлөнгөн камсыздандыруу акыларынын суммасы;";

7-пункт 9-пункт деп эсептелсин;

үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар Социалдык

фондго отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен Кыр-

гыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан аныкталган форма боюнча

берилет. Камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө маалыматтардын көчүрмөсү

жалдоочу тарабынан аталган адамга ошол эле мөөнөттө берилет. Бил-

дирүүнүн бир нускасы жалдоочуда сакталат.".

9. 16-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана

жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"камсыздандырылган адамдарды өз убагында каттоону камсыз кылуу;

камсыздандырылган адамдарга алардын арыздары боюнча пенсияларды

эсептөө үчүн өздүк камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды

берүү.".

10. 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толуктал-

сын:

"Жекече (индивидуалдык) эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл

болгон маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербөө же болбосо толук эмес

жана (же) анык эмес маалыматтар берүү үчүн мамлекеттик социалдык кам-

сыздандыруу тутумунда иш берүүчүлөргө жана камсыздандыруу акыларын

өздөрү төлөгөн жарандарга карата отчеттук мезгил үчүн чегерилген кам-

сыздандыруу акыларынын суммасынын 85 пайызы өлчөмүндөгү өндүрүп алуу

түрүндөгү финансылык санкция колдонулат. Аталган сумманы өндүрүп алуу

Социалдык фонд тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1566/st-2)

Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев
