# 9-статья. Муниципалдык кызматчынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 9-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-9

---

Муниципалдык кызматчы төмөндөгүлөргө укугу бар:

1) муниципалдык кызматтагы ээлеген орду боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттери, өзүнүн ишинин сапатына баа берүүчү чен-өлчөмдөрдү жана кызмат боюнча жогорулоо шарттарын, ошондой эле алардын кызмат милдеттерин аткаруу үчүн зарыл уюштуруу-техникалык жана башка шарттарды аныктоочу документтер менен таанышууга;

2) белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле муниципалитеттин аймагында жайгашкан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан кызмат милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды суратып алууга;

3) кызматы боюнча жогорулоого, мамлекеттик кызматка өтүүнү кошкондо, ишинин натыйжаларын, иш стажын жана квалификациясынын деңгээлин эсепке алуу менен айлык акчасынын өлчөмүн көбөйттүрүүгө, өз демилгеси боюнча ваканттык муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн конкурска катышууга;

4) өзүнүн өздүк ишиндеги бардык материалдар, өзүнүн иши тууралу пикирлер, өздүк ишине киргизилгенге чейин аттестациянын натыйжалары жана башка документтер менен таанышууга, ошондой эле өзүнүн түшүнүктөрүн өздүк ишине кошууга;

5) кесиптик бирликтерге (ассоциацияларга) кирүүгө;

6) өзүнүн укуктарын, социалдык экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо, муниципалдык кызматка байланышкан талаш-тартышты чечүү максатында тиешелүү тартипте сотко, кесиптик жана башка органдарга кайрылууга;

7) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кесиптик деңгээлин жогорулатууга (даярдоого, кайра даярдоого, квалификациясын өзгөртүүгө, квалификациясын жогорулатууга);

8) жетекчинин макулдугу менен уюштуруу-укуктук түрлөрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин; уюмдардын чогулуштарына барууга жана катышууга, ошондой эле алардын жетекчилерин белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү программалары боюнча чечимдерди, макулдашууларды талкуулоо жана кабыл алуу учурунда кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн чакырууга;

9) муниципалдык кызматты өркүндөтүү тууралу сунуштарды киргизүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кайрылууга;

10) ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка укуктарга.

Муниципалдык кызматчы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) кызматтык милдеттерине ылайык өзүнө берилген укуктардын чегинде ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;

2) адам, анын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп саналат: конституциялык принципке таянуу менен өз ишин жүргүзүүгө;

3) өз ишинде Конституцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын уставын, мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларын жетекчиликке алууга;

4) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган жетекчиликтин буйруктарын, тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн аткарууга;

5) өздөрүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кайрылууларын кароого жана аларга байланыштуу келип чыккан маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө чечүүгө;

6) мыйзам, дагы башка ченемдик укуктук актылар менен корголуучу мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өзүнө белгилүү болгон жеке турмушка, жарандардын ар-намысына жана аброюна тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде муниципалдык кызматта иштөөнү токтоткондон кийин да жарыя кылбоого;

7) өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл билиминин жана квалификациясынын деңгээлин көтөрүүгө жана жогорулатууга;

8) муниципалдык менчиктин сакталышын жана өөрчүтүлүшүн камсыз кылууга;

9) кызматтык этиканын ченемдерин, иш тартибин, кызматтык нускамаларды сактоого, муниципалдык кызматтын кадыр-баркына шек келтирген иш-аракетти жасабоого.

Жергиликтүү жамааттын Уставы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген муниципалдык кызматчынын кошумча укуктары жана милдеттери белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-10)
