5-статья. Муниципалдык кызматтын принциптери
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Муниципалдык кызмат төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын үстөмдүгүнө;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыгына;
3) өз ыйгарым укуктарынын чегинде жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өзалдынчалыгына;
4) мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун иш-милдеттер чегинин ажыратылышына;
5) муниципалдык кызмат орундарынын саясий жана административдик кызмат орундарынын бөлүнүшүнө;
6) муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүнө, компетенттүүлүгүнө, демилгелүүлүгүнө жана чынчылдыгына;
7) өзүнүн кызмат милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн муниципалдык кызматчылардын жоопкерчиликтүүлүгүнө;
8) муниципалдык кызматтын турукташтыгына;
9) айкындуулуктун жана калыстыктын негизинде алардын жөндөмдүүлүгүнө жана кесиптик даярдыгына, иштин бааланышына жана конкурстук негизде кадрларды жогорулатууга ылайык жарандардын муниципалдык кызматка теңчиликте жетишине;
10) муниципалдык кызматчылардын укуктук жана социалдык жактан корголушуна;
11) саясий кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын жергиликтүү жамаат алдында, ал эми мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген ыйгарым укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийликтин жогору турган органынын контролунда болушуна жана отчеттуулугуна;
12) муниципалдык кызматтын тутумун дайыма өркүндөтүп турууга;
13) жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси алмаштырылгында компетенттүү кадрларды тандап алуунун жана сактап калуунун жолунун уланышына;
14) саясий таасирдин жана муниципалдык кызматчылардын ишине мыйзам-ченемсиз кийлигишүүнүн болбошуна.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-5" title="5-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>