# 33-статья. Муниципалдык кызматтын токтотулушунун негиздери

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2013 года № 157 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203966)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 157 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203966); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 28.04.2008 [Закон КР от 28 апреля 2008 года № 75 "О внесении изменений и дополнений в Закон КР "О муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/202286)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565#diff=717729..717730>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 33-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-33

---

Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары муниципалдык кызматчыны иштен бошотуу, кабыл алуу жана бошотуу укугуна ээ жетекчилердин демилгеси боюнча да төмөндөгүдөй учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;

- ушул Мыйзам менен муниципалдык кызматчы үчүн белгиленген милдеттер жана чектөөлөр сакталбаса;

- мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, дагы башка сырды түзгөн маалыматтар жарыя кылынса.

- кызыкчылыктардын кагылышуусунун тарабы болуп саналганда, анын алдын алуу жана/же аны жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;

- мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жаап-жашырса.

Муниципалдык кызматчылардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын эмгектик талаш-тартышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Муниципалдык кызматчыны пенсияга чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Муниципалдык кызматчынын наамын булгаганы үчүн муниципалдык кызматчы Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын администрациясынын демилгеси боюнча кызматтан бошотулган учурда, аталган органдын администрациясы жети күндүк мөөнөттө тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Муниципалдык кызматчыны ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызматтан бошотуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү. (КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 75, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 24-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-34)
