# 32-статья. Муниципалдык кызматчынын жеңилдиктери

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 32-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-32

---

Муниципалдык кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө зыян келтирилген, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде келип чыгуучу ооруга чалдыккан же эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынууга тийиш. Муниципалдык кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусуна байланыштуу мертинүүсүнүн же кесиптик ооруга чалдыгуусунун натыйжасында майыптыкка дуушар болгон учурда, ага өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жөлөкпул төлөнүп берилет. Муниципалдык кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда каза болгондо үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-33)
