# 27-статья. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви

- Документ: [Муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1565)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 21-августунун № 165 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1498/edition/717724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1565/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Муниципалдык кызмат жөнүндө, 27-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-27

---

Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө атайын топтолгон талапкерлердин тобу. Кадрлар резерви талапкерлердин арасында тиешелүү конкурстарды өткөрүү аркылуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөндөкүлөрдөн түзүлөт:

- жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн конкурсунан өткөн адамдар, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстан өткөндөрдөн;

- жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жетекчисинин сунуштамасы боюнча кызматка көтөрүлүүгө ат салышкан муниципалдык кызматчылардан;

- мекеменин жоюлушуна, штаттын кыскарышына, узакка созулган эмгекке жарамсыздыкка же ден соолугунун абалы боюнча убактылуу ылайык келбегенине байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган муниципалдык кызматчылардан;

- кызмат ордуна дайындоого көрсөтүлүп, бирок өзүлөрүнө көзкаранды болбогон себептерден улам кызмат ордуна дайындалбай калган муниципалдык кызматчы катары кызматта турбагандардан;

- аттестациянын натыйжалары боюнча кызматынан жогорулоого сунуштоо кылынган жана өздөрүн резервге кошууга табыштама берген ошол органдарда муниципалдык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын арасынан.

Кадрлардын резервине киргизүүнүн дагы башка шарттары жана тартиби жана андан чыгаруу резервде турган адамдардын укуктары жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1565/st-28)
